• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бакиевдерди экстрадициялоо маселеси көтөрүлдү

20 Чын куран 2021 13:23 Бишкек Govori.TV

Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевди биз кыргыздын сотуна алып келүү боюнча иш-аракеттерди токтотпошубуз керек. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев билдирди.

«Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевди биз кыргыздын сотуна алып келүү боюнча иш-аракеттерди токтотпошубуз керек. Ошол күнү 80 жараныбыздын каны төгүлгөнүн унутпашыбыз зарыл. Бүгүнкү күндө Бакиевдин улутташтырылган мүлкү боюнча ортомчулар аралап жүрөт. Ачык мамлекетке өткөн мүлктөр кайтарылбашы керек. Бул прокуратуранын көзөмөлүндө болушу шарт», — деди ал.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев бул боюнча прокуратуранын эл аралык бөлүмү иш-аракеттерди жүргүзүп жатканын белгиледи.

“Белорусь мамлекети Бакиевди өткөрүп берүү боюнча баш тартканы, өкүмдөрдүн аткарылышынын баш тартканы конверция менен чечилет экен. Ар бир өлкөнүн өз эрки экен. Бирок прокуратура каражаттарды кайтаруу боюнча чоң иштерди жүргүзүүдө”, — дейт ал.

Курманбек Бакиев 10 жылдан бери Белоруста жашайт — ал 2010-жылы үй-бүлөсү менен Минск шаарына качып кеткен. 2010-жылдын 7-апрелинде нааразычылыкка чыккандарга карата курал колдонулуп, натыйжада Ак үй алдындагы аянтта адамдар курман болгон. Сот 2013-жылы Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга эркинен ажыраткан, ал эми иниси Жаныш Бакиев өмүр бою кесилген.Бозгун президенттин улуу баласы Марат Бакиев ал убакта Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары болуп турган. Ал дагы сыртынан 27 жылга эркинен ажыратылган. Алар президенттик аппараттын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталышкан. Сот Жаныш Бакиевди адам өлтүрүү, кыйноо, адам уурдоо, УКТ түзүү жана өлгөн адамдын сөөгүн мазактоо боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бакиевдер кланынын мүчөлөрүнө карата Кыргызстанда кылмыш иштери козголгонуна карабай Александр Лукашенко аны Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып келет.

Количество просмотров: 142