• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чет өлкөлөрдө абакта жаткан 40 кыргыз жараны мекенине которулду

5 Баш оона 202417:37 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев быйыл жыл башынан бери чет өлкөлөрдөгү абактарда жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын 40 жараны мекенине которулганын билдирди. Дагы 52 адам экстрадиция болот. Бул тууралуу ал 5-августта мекеменин жарым жылда аткарган иши боюнча журналисттерге уюштурулган басма сөз жыйынында айтты.

Июнь айында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков чет мамлекеттердеги абактарда 1,5 миңдей кыргызстандык жаран бар экенин айткан. Алардын көбү Орусияда.

Андан тышкары Кытайда, Бириккен Араб Эмиратында, Беларуста, Литвада, Италияда, Германияда жана Грузияда да ар кандай кылмыш жоопкерчилигине тартылган кыргыз жарандары абактарда жатат.

Количество просмотров: 96