Бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Горький аянтына чогулган «Мекен шейиттери» кыймылы, «Айкөл Ала-Тоо» баштаган сегиз коомдун өкүлдөрү жана 2010-жылы Апрель окуясында жакындарынан ажырагандар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты.
«Өз элин канга боеп, кыргыз мамлекетин тоноп кетип, чет жакта бизнес кылып чардап жаткан Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтуунун айла-амалдарын издеп жатыптыр. Анын курман болгондорго кун төлөп, жарадарларга акча берип, элден кечирим сурасам деген арам ою ишке ашпайт! Арам акчаны да албайбыз!», — деп жазылган кайрылууда.
Кайрылуу ээлери Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келишине караманча каршы экенин айтышып, президент Садыр Жапаровго «отуз жылга соттолгон Бакиев келсе камалат» деген сөзүн бузбоону эскертишти.