• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бактияр Орозов кызматынан бошотулду

15 Бештин айы 202516:52 Бишкек Govori.TV

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Орозов Бактияр кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Орозов Бактияр Сайпидинович мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын ченемдеринин талаптарын сактабагандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Орозов бул кызматка үстүбүздөгү жылдын май айында дайындалган.

Количество просмотров: 215