• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болду

12 Бугу 202516:57 Бишкек Govori.TV

Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Орозов Бактияр Сайпидинович Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Бактияр Орозов талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызcтанда Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки министрликти — Агартуу министрлигин жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Количество просмотров: 279