• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бактияр Токторов «Буй-буй» ырынын айланасындагы талкууларга жооп берди

4 Баш оона 2022 15:42 Бишкек Govori.TV

Бир нече күңдөн бери «Биз» тобунун «Буй-буй» ыры интернет желесинде кызуу талкууланып жатат. «Биз» тобунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бактияр Токторов Kaktus.kg сайтына маек берип, ырдын айланасында болуп жаткан талкууларга жооп берди.

«Менин ырларым жада калса бири-бирине плагиат эмес. «Биз» тобунун бир дагы ыры плагиат эмес. Жада калса менин ырларым бири-бирине плагиат эмес, окшош эмес. Ыр жазууда аябай карайм, окшошуп калган жокпу деп. Бул ыр 2007-жылы чыккан. Анда эч ким деле көңүл бурган эмес. Турмушта ар кандай окуялар болот экен, кайгырып жүргөндө жаралган. Аталышы «Ыза» болчу, патенттеп койгонбуз. 100 пайыз кепилдик менен айта алам «Буй-буй» биздин, менин ырым, сөзү, обону, аранжировкасы жеке бизге гана таандык», — дейт ырчы.

Количество просмотров: 666