Бишкек. 21.08.2019. Govori.TV
«Айыл банк акыркы 3-4 жыл ичинде коммерция, соода, курулуш чөйрөлөрүндөгү бизнес-долбоорлорду каржылаган. Азыр бул абалды оңдоп жатабыз. Анткени биздин милдетибиз — каражаттардын 60 пайыздан кем эмесин айыл чарба тармагына багыттоо», — деп белгиледи «Айыл банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев.
Ал Президент Сооронбай Жээнбековдун сунуштарына ылайык агроөнөржай комплексин мындан ары карай өнүктүрүүгө көп көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.
«Эгерде 2018-жылдын аягына карата финансы ресурстарынын 52 пайызы айыл чарбасына жумшалган болсо, 2019-жылдын август айына карата анын көлөмүн биз 65 пайызга чейин көбөйттүк. Биз бул багытта ишибизди улантабыз. Президент айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү ишканаларын каржылоонун жана айыл чарба азык-түлүктөрүнүн атаандаштыкка туруктуулугун арттыруунун эсебинен ички жана тышкы миграцияны азайтууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурду», — деди Бактыбек Шамкеев.
Ал ошондой эле экспортко багытталган ишканаларга жана Банк ишмердигине санариптик технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл буруу милдети коюлганын кошумчалады.