• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бакуда КР Тарых музейинин баалуу экспонаттарынан түзүлгѳн көргөзмѳ ачылды 

26 Чын куран 202411:07 Бишкек Govori.TV

Азербайжандын борбору Баку шаарынын Гейдар Алиев борборунда Кыргызстандын Улуттук тарых музейинин «Улуттун кѳѳнѳргүс дөөлөттөрү» аталыштагы фотодокументалдык жана баалуу экспонаттардан түзүлгѳн көргөзмөсү ачылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, көргөзмө КР президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 19-20-апрель күндөрү Азербайжанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын негизинде ачылды.

КР президентинин иш-сапарынын жана Маданият күндөрүнүн алкагында, азербайжан интеллигенциясына жана маданий коомчулугуна көрсөтүлгөн Улуттук музейдин уникалдуу коллекциялары бир тууган элдин ачык суктануусун, кыргыз тарыхына болгон терен кызыгуусун жаратты.

Эки өлкөнүн маданият министрлери улуттук көөнөргүс дөөлөттөр менен таанышып, жогору баасын жана ыраазычылын билдиришти.

Байыркы жана бай коллекциялар томтому менен түзүлгөн музей көргөзмөсү, түрк дүйнөсүнүн жана эки элдин маданий кызматташтыгын жандандырууга , арттырууга турткү берет.

Количество просмотров: 117