• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бакуда Кыргызстандын Соода үйү ачылды

28 Үчтүн айы 20269:58 Бишкек Govori.TV

Азербайжандын Баку шаарында кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн товарлары сунуштала турган Соода үйү иштей баштады. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Долбоор азербайжандык ишкер тарабынан Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинин, ошондой эле эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын колдоосу менен ишке ашырылды.

Ачылыштын алкагында «Nomads Tradition» жана «OKUKLU HOLDING» ЖЧКларынын ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Кол коюу аземине Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жана Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов катышты.

Количество просмотров: 115