• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Адылбек Касымалиев Баку шаарына барды

2 Чын куран 202611:08 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Азербайжандын Баку шаарына барды. 

Иш сапардын алкагында минкаб башчысы Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президенттеринин экинчи жыйынына катышат. 

Ошондой эле ал Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары/вице-президенттери менен биргеликте Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушат.  

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиевдин Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.

Количество просмотров: 143