Бишкек.21.05.2019.Govori.TV.
КРнын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев кызматтан кетүү туурасында арызын жазды.
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев кызматтан кетүү туурасында арызын жазды. Бул маалыматты ал “Тазабек” сайтына берген маегинде тастыктаган.
“Бул тууралуу офицалдуу түрдө маалымат берилет. Жазылган арызга өлкө башчысы кол койгондон кийин жумуштан кетем. Эмне себептен кетип жатканым тууралуу маалымат бере албайм”,-деп билдирген Б. Шаршембиев.
Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, Бакыт Шаршембиевдин арызы тууралуу бүгүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековго баяндама жасады.