• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Бакыт Төрөбаев журналисттерге сын айтты…

20 Кулжа 201910:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.06.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев бүгүнкү жалпы жыйында Кыргызстандагы журналисттердин ишине сын айтып, маалыматтын булагын так көрсөтүшү керектигин айтты.

“Эл сиздердин пикириңиздерге байланып калды. Мисалы, «Азаттык» 700 млн доллар сыртка чыгып кеткен деп иликтөө жасады. Кийин 5-каналдын иликтөөсүн көрүп, ача пикир туулду. Менде да күмөн ой жаралды. Өлкөдө саясий туруксуздук, криминалдык, интрига темасындагы жаңылыктар канчалык көп жарыяланса, келген туристтердин саны азаят”,-дейт эл өкүлү.


Количество просмотров: 25