• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бала бакчада сабалган 5 жаштагы баланын окуясы боюнча ишти милиция тергеп жатат

10 Жалган куран 202210:17 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Ала-Тоо конушунда жайгашкан бала бакчанын жетекчиси 5 жаштагы баланы урганы тууралуу арыз боюнча териштирүү иши жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 3-мартында «102» кызматы аркылуу саат 18:20 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө 2017-жылы туулган бала денесинен жаракат алып, шаардык 3-балдар ооруканасына келип түшкөнү тууралуу маалымат келген.

«Бул факты боюнча Октябрь РИИБнин шаардык милициясынын кызматкерлери ооруканага барышып, ал жерден жабырлануучунун апасы Т.Т. жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып,  Исакеев көчөсүндө жайгашкан үйдө бир катар убакыттан бери баласын карап келген «А.» аттуу жаран белгисиз себептер менен баланын денесине залал келтиргенин айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт Октябрь РИИБде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Алынган дене жаракаттары боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, корутундусу даяр болгондон кийин 1983-жылы туулган  жаран К.Анын аракетине тиешелүү юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, буга чейин Балдардын укуктарын коргоо лигасынын директору Назгүл Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына 5 жаштагы баланы бала бакчанын жетекчиси урганы тууралуу билдирүү жазган.

«Балдардын укуктарын коргоо лигасына 5 жаштагы баланын апасы кайрылды. Анын айтымына караганда, баласын менчик бала бакчанын жетекчиси (тарбиячы) башына чаап, кулагын бурап, дараатканага киргизип, жарыгын өчүрүп койгон», — деп жазган ал.

Количество просмотров: 92