• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бала бакчада сабалган бөбөк. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

12 Аяк оона 2022 15:02 Бишкек Govori.TV

Жеке менчик бала бакчалардын биринде сабалган бөбөк ооруканага кайрылды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрь күнү Ош шаарынын Кулатов кичи районунун 2021-жылы туулган тургуну С. А. Ош шаарынын Кулатов кичи районундагы “Карагат” аталыштагы жеке балдар бакчасында денесинен жараат алып, Ош облустар аралык балдар ооруканасына кайрылгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат Ош ШИИБнын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө катталып, текшерүү иштери башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө денесинен жараат алган жаш бала А.С.нын апасы күбө катары сурак берген. Анда баласы С. А. эки айдан бери аталган балдар бакчасында тарбияланып жаткандыгын жана 5-сентябрь күнү саат болжол менен 17:00 чамасында алып кетүү үчүн барганда баласынын денесинде көк тактарды байкагандыгын билдирген.

Ал эми балдар бакчанын директору 1993-жылы туулган З. М. 5-сентябрь күнү саат болжол менен 16:00 чамасында жаш бала С. А.ны орто тайпада окуган Р. А. аттуу кыз уруп койгондугун билдирген.

«Андан тышкары окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда окуянын видеосу алынган жана аталган балдар бакчада эмгектенген кызматкерлери күбө катары суралууда. Азыркы учурда, 2021-жылы туулган С. А.га карата соттук- медициналык экспертизалар дайындалып, баардык тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 126