• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бала бакчадагы тамак акчасы кайра каралып чыгары айтылды

2 Жетинин айы 202312:25 Бишкек Govori.TV

Депутат Мирлан Самыйкожо мамлекеттик бала бакчалардагы ысык тамактын акчасына байланыштуу маселе кайра каралып чыгарын билдирди.

Анын айтымында, мыйзамга кайра өзгөртүү киргизип, бала бакчаларда ысык тамакты ата-эне эмес, мамлекет каржылай тургандай милдеттенме кирет.

«Өткөндө парламентке «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоору келген. Анда ваучердик каржылоонун ичинде бала бакчалардагы ысык тамакты ата-эне каржылайт деген нерсе келип калыптыр. Азыр ошону парламенттеги социалдык комитети менен кайрадан алууну карап жатабыз» , — деди Самыйкожо.

Количество просмотров: 189