• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Бала бакчадагы тамак-ашка акча бөлүнбөй турганы айтылды

20 Кулжа 2024 10:31 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун артка кайтарды. 

Ага байланыштуу мамлекет бала бакчадагы балдардын тамак-ашына акча бөлбөй турган болду. Бакчага барган балдарын тамак менен камсыздоо бир гана ата-энелердин мойнуна жүктөлөт.

19-июнда Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев эми мамлекет балдардын тамагына акча төлөбөй турганын айтты.

«Билим берүү жөнүндө» былтыр августта кабыл алынган мыйзамдын 28-беренесинин 6-бөлүгүндө «Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардагы тамактануу мамлекет тарабынан каржыланбайт, ата-энелер тарабынан каржыланат» деп жазылып турат. Бирок ага Жогорку Кеңештин депутаттары каршы болуп, «балдардын тамагын жергиликтүү бийлик менен ата-энелер тең бөлүп төлөйт» деп өзгөртүү киргизген. Президент буга каршы болуп, мыйзам долбоорун артка кайтарды. Эми акча бөлүнбөйт», -деди Аманбаев.

2023-жылы август айында Жогорку Кеңеш «Билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзам кабыл алган. Мурдагы мыйзамда «бала бакчадагы балдардын тамагы үчүн акчанын жарымын ата-энелер, жарымын жергиликтүү бийлик органдары төлөйт» деп жазылса, жаңысына «ата-энелер гана төлөйт» деген норма киргизилген. Бирок ал тууралуу коомчулукка ноябрь айында гана белгилүү болуп, бул маселе элдин нааразычылыгын туудурган. Мындан улам бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, депутаттар аталган норманы көз жаздымда калтырып, кабыл алгандарын билдиришип, «катасын» оңдоо үчүн депутаттардын тобу тиешелүү мыйзам долбоорун даярдаган.

Ал документте «Билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзамдагы «бакчадагы балдардын тамагы үчүн ата-энелер гана акча төлөйт» деген норманы алып салуу каралган. Натыйжада парламент ал мыйзам долбоорун кабыл алып, президенттин кол коюусуна жөнөткөн. 

Количество просмотров: 53