• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ЖК комитети бала бакчадагы тамак-ашка мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүүнү колдоду

1 Чын куран 202411:39 Бишкек Govori.TV

1-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талкуусуз үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам долбоору мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды тамак-аш менен камсыздоого мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүүнү карайт.

Буга чейин Каржы министрлиги Кыргызстанда бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырыларын билдирген. Министрлик буга ошол жылы 11-августта «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынганын негиз кылган.

Мыйзамдын 28-беренесинин 6-пунктунда «мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) эсебинен жүзөгө ашырылат» деп жазылган.

Количество просмотров: 89