• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Балалуу аялды салбай койгон маршрутканын айдоочусу жумуштан алынды

30 Аяк оона 2021 14:57 Бишкек Govori.TV

Бишкекте эне-баланы салбай кеткен маршрутканын айдоочусу жумуштан алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим бүгүн өткөн жыйында кабыл алынган.

«Биз бул окуяны карап, иликтеп чыгып 203-маршрутканын айдоочусун кызматтан алуу тууралуу чечим чыгардык. Жана мындай көрүнүштөр мындан ары кайталанбоосу үчүн дал ушул айдоочуну Бишкек шаарындагы башка да маршруттук каттамдарга жумушка албоо тууралуу билдирме жөнөттүм. Ал эми №203 маршруткага ээлик кылган ишканага акыркы эскертүү берилди. Эгер бул сыңары окуялар кайталанса ал компания менен кызматташтыкты үзөбүз», — деп билдирди ал.

Эске салсак, шаардагы 203-машрутканын айдоочусу баласын ээрчиткен аялды унаага салбай кеткен видео социалдык тармактарга тараган. Анда айдоочу «коляска үчүн төлөйм» дегенине карабай маршруткага түшүп бараткан жүргүнчүнү эки жаштар чамасындагы баласы менен түртүп сыртка чыгарып салган.

Количество просмотров: 485