«Мен үмүтсүздүк менен жазып жатам, бала дарыгердин шалаакылыгынан күйүп жатат» — мындай билдирүү фейсбук колдонуучу Нургыз Абылбекова «Кара тизме» аттуу баракчага жазган.
«Бардыгы үйдө баланын үстүнө комод кулап түшкөндөн кийин башталган. Жүрөк айлануу же эсин жоготуу белгилери байкалган жок. Бирок биз дароо 3-балдар ооруканасына, нейрохирургия бөлүмүнө бардык. Окуя болгондон кийин саат 11:32де экспертизага жөнөдүк. Нөөмөттө турган дарыгер мээси чайкалганын же сынганын көргөн жок, бирок ооруканага жаткырууну талап кылды. Ошол эле күнү, 9-апрелде саат 12: 50дө биз 3-палатанын дарыгеринин көзөмөлүндө нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылганбыз.
Бала активдүү болгон, жакшы тамактанып, ичкен. Ооруканага жаткырылгандан кийин үч күн бою «заара чыгаруучу» укол алдык. Дары-дармектер же дарылоочу дарыгердин көрсөтмөлөрү калган жок. Төртүнчү күнү, баланын абалы жакшы экендигин көрүп, ооруканадан чыгуу жөнүндө сурадым. Дарыгер болуп өткөн окуядан кийин талма оорусунан сактануу үчүн дагы эки күнгө калтырды. Андан кийин ал бизге дарылоо курсун жазып берди.
Ушул дары-дармектер дайындалган күнү (…) бала ачыктан-ачык начарлап кетти: көзүн жарыктан жашырып, көп ирмеп, мени карай албай, башын ылдый түшүрүп, көгөрүп, шалдырап калды. Эртең менен, баланын абалы начарлап кетти, мен доктурга бул жөнүндө эскерттим. Жалкоочулук, активдүүлүктүн жоктугу, табиттин жоголушу, дене табынын жогорулашынын белгилери байкалган.
Дарыгер дарыларды ичүүнү токтотууну айтты. Мен баламды таштап кимимдерди алып келгени кетип келсем, дене табы өтө көтөрүлүп кетиптир», -деп жазган ал.
Абылбекованын айтымында баласынын температура көтөрүлүп, аны эч кандай жол менен түшүрө алышкан жок. Анын айтымында, дарылоочу дарыгер убагында жардамга келген эмес.