• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Балам мыкаачылык менен өлтүрүлдү» деген эне акыйкат издеп, Жапаровго кайрылды

20 Кулжа 2022 13:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-июнда Бишкек шаарындагы Өкмөт үйүнүн алдына 10дон ашык жаран нааразычылык акциясына чыгышты. Алар колдоруна, «биздин өлкөдө акыйкат соттор барбы?», «каңкорлорго жеңилдик жок», «акыйкат чечим» деген жазууларды кармап турушту.

Өзүм баатыр энемин деген Салтанат Асанова митингге баласынын өлүмүнө айыпталган жарандар өз жазасын толугу менен тартсын деген талапты айтып, президен Садыр Жапаровго кайрылуу жазады. Анын айтымында, баласы 24 жаштагы Жакшылык Асанов Бишкекте таксист болуп иштеп жүрүп, киши колдуу болгон.

«Баламды бейтааныш адамдар Сокулукка чейин жалдап барып, түнкү саат эки жарымда өлтүрүп, таштандыга таштап салышкан. 1,5 жыл тергөөлөр, териштирүүлөр жүрдү. Сокулук райондук сот бирөсүнө өмүр бою, дагы бирине 20 жыл, үчнчүсүнө 18 жыл, төртүнчү адамга 10 жыл берди. Булар облустук сотко каршы арыз беришти. Чүй облустук соту эки эле отурум менен бүтүрүп, жазаларын кыскартты. Биз райондук соттун чечимин күчүндө калтырууну талап кылам», — деди ал.

Количество просмотров: 3082