• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү эми төрөт үйүнөн берилет

16 Үчтүн айы 2018 14:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16.01.18.Govori.TV

Эми жаңы төрөлгөн ымыркайлардын ата –энелери балага туулгандыгы тууралуу күбөлүктү каттоо кызматына барбай эле, төрөт үйүнөн эле алса болот. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев парламенттин конституциялык мыйзам , мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук жана Жогорку Кеңешинин регламенти комитетинде депутат Алтынай Өмүрбекованын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Учурда балага туулгандыгы тууралуу күбөлүктү ар бир төрөт үйүнөн берүүну пландаштырып жатабыз. Азырынча мындай ыкма Бишкек, Жалал –Абад жана Ош шаарларынын төрөт үйлөрүндө иштеп жатат», — деди мамкаттоо кызматкери.

«Мындай ыкма ар бир ата эне үчүн абдан ыңгайлуу болмок. Себеби кээ бир учурда мамкаттоо кызматы алыс жерде жайгашса ата эне балага документ албай эле жүрө берген учурлар катталат. Андыктан  өлкөнүн баардык төрөт үйлөрүнө мындай ыкманы тездетүүАндыктан  өлкөнүн баардык төрөт үйлөрүнө мындай ыкманы тезинен киргизүүңөр керек», деди «Республика –Ата Журт» фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова.

Количество просмотров: 23