Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова анын уулу Жан Воинов жубай менен катышканы айтылган Sheraton мейманканасындагы мушташ боюнча комментарий берди.
Молдокматова Instagram баракчасында тергөө иштеринин аягына чыгышын күтүү керектигин жана ал адилеттүүлүк үчүн экенин билдирди.
«Көп жылдар бою мен коомдогу көптөгөн көйгөйлөрдү айтып келем, ар дайым адилеттүүлүк тараптамын. Болуп өткөн окуя мени абдан катуу жаралады, мага абдан оор болду. Азыр тергөө жүрүп жатат, анын аягына чыгышын күтөлү. Мен адилеттүү чечимге ишенем. Булар менин балдарым, мен аларды абдан жакшы көрөм. Залина мен үчүн кызымдай, неберелеримдин апасы. Чоң адамдар өз кылган ишине жоопкер, мен ар дайым адилеттүүлүк үчүнмүн», — деди ал.
Эске салсак, соцтармактарда «Шератон» мейманканасынын короосунда бир нече эркектер үч кызга кол көтөрүп, аларды бассейнге түртүп салган тартылган тасма тараган. Окуядагы жабырлануучулардын бири Алина Жакыпова бийчи Воинов ал жерде бычак кармап жүргөнүн, кыздарга кол көтөрүп, аларга болушкан эркек адамды шериктери менен чогуу сабап салганын жазып, коомчулуктан жардам сураган.
Бишкектеги Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тергөө журуп жатканын айкан. Учурда Жан Воинов жана дагы бир шектүү кармалган.