• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Балаты алып келем деп каза болгон окуучунун директору кызматтан кетти

9 Үчтүн айы 2019 14:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.01.2019. Govori.TV

Чүй облусунун Кемин районундагы Чоң-Кемин айыл өкмөтүнө караштуу Тегирменти айылынын мектебинин директору өз арызы менен кызматынан кетти. Буга аталган окуу жайда окуучунун өлүмү себеп болгон. Бул тууралуу окуу жайдын мурдагы жетекчиси Нүргүл Ашыралиева билдирди.


“Бала каза болгондон кийин эле уюштуруу иштери боюнча башчы экөөбүз кызматтан кетүү тууралуу арызыбызды өз эркибиз менен жаздык”, — деп билдирди Ашыралиева.


Анын айтмында, аймактык тескөө кызматкерлери менен милиция кызматкерлери окуяны тыкыр иликтеп, окуучунун өлүмүнө мектеп жетекчилигинин, мугалимдердин күнөөсү жок деп аныктаган.
Алардын айтымында бул окуя кокустук катары бааланган.
“Бирок биз окуучубуз каза болуп жаткандан кийин, бул кызматка калууга моралдык укугубуз жок деп эсептеп, жумуштан кетүүнү туура көрдүк”,- дейт мурдагы мектеп жетекчиси.


Эскерте кетсек, жаңы жыл алдында мектептин 3 окуучусу эч кимге айтпай, сабактан кийин өз алдынча мектепке балаты алып келебиз деп тоого кетишкен. Кечинде балдар балатынын алып келе жатканда,алардын биринин аты тайып кетип сууга кулап түшкөн.
Натыйжада 11 класстын окуучусу каза болгон. Ал Чоң –Кемин суусуна кечки саат 18:00 түшсө, анын сөөгү түнкү саат 00:00 табылган.

Булак: «Barometr.kg» сайты

Количество просмотров: 33