• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улуттук тарых музейинин директору кызматынан кетти

28 Бугу 202616:55 Бишкек Govori.TV

Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова жаңы кызматка өткөндүгүнө байланыштуу эмгек жамааты менен расмий түрдө коштошту.

Мекемеден билдиришкендей, ал музейдеги төрт жылдык ишмердүүлүгүндө аткарган иштери боюнча отчет берди. Жылдыз Бакашованын айтымында, 31 гранттык долбоор ишке ашырылып, санариптештирүү жүргүзүлдү, эл аралык уюмдар менен кызматташтык бекемделди, ар кандай акциялар жана иш-чаралар өткөрүлдү.

Жаңы директордун аты айтыла элек.

Количество просмотров: 117