• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Балбак Түлөбаев коррупцияга шектелип кармалган аким үчүн кечирим сурады

24 Жетинин айы 2020 13:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев кечирим сурады. Ал соцтармакка билдирүү жарыялап, «Октябрь районунун аким Куценко үчүн кечирим сурайм», — деп жазган.

«Текшербей кызматка алганым үчүн. Ниетибиз түз, ойубузда жамандык жок эле. Бирок ал киши да бизге эч нерсе айткан эмес.
Мындан ары абайлап, сак болобуз», — деп жазган ал.

Эске салсак, буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Константин Куценко коррупцияга шектелип кармалганы тууралуу маалымат тараткан.

Ага ылайык, аким Финпол тарабынан соттун чечими менен камакка алынган жана конфискациялануучу жер участогу боюнча мурда аныкталган коррупциялык схеманын алкагында кечээ, 23-ноябрда, кармалган. Буга чейин бул кылмышка шектүү делип Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун башчысы Ч.С. жана Бишкектин райондор аралык сотунун судьясы Ж.Н. колго түшүрүлгөнү айтылат.

«2016-жылы материалдык пайда көрүү максатында өз байланыштарын колдонуп президенттик аппараттын кызмат адамдары, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, айрым судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери Максим Бакиевдин адамдарына таандык «Г.Э.» ЖЧКсынын кызыкчылыгын көздөгөн. Натыйжада сот иштерин жана чечимдерин жасалмалап, соттун өкүмү менен конфискациялоого тийиштүү болгон мүлктү мыйзамсыз түрдө камактан чыгарган», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жогорку кызмат адамдарын издөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 347