• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Балбак Түлөбаев: Урматтуу мүдүрлөр күзгүгө каранып анан мага кайрылгыла

28 Кулжа 2022 15:02 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев борбор калаадагы мектеп директорлоруна карата сын-пикирин өзүнүн социалдык баракчасына жазды.


«Калайык! Мага Бишкектеги мектеп директорлору салам дубай айтышыптыр.Урматтуу мүдүрлөр күзгүгө каранып анан мага кайрылгыла. Баары эмес көбүңөр алдыңарда тепкен кымбат машине, үстүңөрдөгү кымбат үйлөр, чет өлкөдөгү квартираларыңыр кайдан алдыңар. Быйыл эле айлыгыңар көтөрүлдү. 20 жылдан ашык отуруп элдин канын мите курттай сордуңар. Мугалимдер эмес мектеп мүдүрлөрү. Мектепти өз мүлкүңөрдөй ээлик кылдыңар. Уялбай мектеп ичине керек болсо самсыкана салып алдыңар. Канча ата эне келди пара алды деп. Жазып бергиле десем баласын аяп болбойт. Аз иштеп калдым да силерге жетпей ушуга өкүнөм. Баарыңардын үй мүлкүн текшертиш керек. Баардык ата энелерге кайрылам, кокпогула, жаздырып алып мага жибергиле. Булар менен күрөшүүгө убакыт келди. Баарын текшеребиз. Ушулардын айынан билим берүү системасы начар абалда. Шаардык билим берүүнү өкмөт алсын. Шаар чарбалык ишине карасын»,-деп жазды.

Количество просмотров: 843