Ош шаарында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев шаар үчүн сатылып алынган атайын техниканы текшерип жаткан учурда бир аялдын кыйкырыгы угулду. Иш-чаранын кадрларында милиция кызматкерлеринин кимдир бирөөнү кар тазалоочу машиналардын артына алып кетип жатканын көрүүгө болот.
Ташиев ал жерде эмне болуп жатканын сурап, аялга ыйлабоону өтүндү. «Болбосо кетип калам, укпайм», — деди ал.
«Үч айдан бери ушинтип жүрөм. 17 жаштагы балам бар. Аны оюнчук пистолет менен кармап, беш жылга кесишти. Бардык жерде коррупция. Ташиев, жардам бериңиз. Жети балам менен жалгыз калдым, үйүм да жок», — деп айтып, аял ыйлай берди.
«Тынчтанасыңбы же жокпу? Ыйлаганды токтоңуз! Баарыңар тынчыгыла! Гүлзина Эшмаматовна, бул Кара-Суу райондук сотунун чечимиби?» — деп сурады Ташиев документтерди карап жатып. «Бул тергөө материалдары», — деп жооп берди аял.
«Соттун чечими азырынча жок. Угасызбы же жокпу? Адегенде ушундай кылмыштарды жасап, анан ыйлайсыңар! Акырына чейин уга аласыңарбы! Мен сиздин арызыңызды УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басарына берем. Бир сааттан кийин УКМКга келиңиз. Мен бул маселени өз көзөмөлүмө алам, жардам берем. Кудай буюрса, 17 жаштагы балаңыз чыгат», — деди Ташиев.