Бүгүн, 15-январда ЖК депутаты Дастан Бекешев жалпы жыйында сөз сүйлөп жатып шаар тургундарына кайрылды.
«Бишкектиктер кайрылууда, ноябрь, декабрь айларына «Тазалык» менен «Бишкек суу каналы» жок эле сумманы кошуп койгонун айтууда. Эми пенсионерлер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер барып такташып жатат, баса албагандары да бар. Бул алешемдик кимден кеткенин билбейм, бирок элге ыңгайсыздык жараткан адамды жазалаш керек», — деди Бекешев.