• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Балбан Асан Жанышов дүйнө чемпиону болду

4 Аяк оона 20246:33 Бишкек Govori.TV

Балбан Асан Жанышов Испанияда өткөн дүйнө чемпионатында 20 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону болду.

Жанышов 87 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, сапарын 1/8 финалдан баштады. Ал Грузия, Швеция жана Румыниядан келген атаандаштарын үч жолу катары менен жеңип, финалга чыгууну камсыздаган.

Чечүүчү беттеште кыргызстандык азербайжандык балбан Жожа Самадовду жеңип, өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону болду.

Количество просмотров: 249