• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балбан Асан Жанышовдун финалдагы күрөшүн бүгүн көрөлү

3 Аяк оона 202411:23 Бишкек Govori.TV


Кыргызстандык балбан Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча Испанияда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионаттын финалына чыкты. Мелдешке 20 жашка чейинки спортчулар катышууда.

Чемпионат 2-сентябрда Испаниянын Понтеведра шаарында башталган.

Жанышов 87 кг салмакта күч сынашууда. Ал грузиялык, швециялык, румыниялык балбандарды утуп финалга чыкты.

Бүгүн, 3-сентябрда Жанышов алтын медаль үчүн азербайжандык Жожу Самадов менен күрөшөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө өтөт.

Өмүр Ынтымак уулу 130 кг салмакта көңүл жубатуучу беттешке чыгат. Барсбек Асанкожоев, Эмирлан Дуйшөналиев, Нурел Дүйшөнбеков атаандаштарына жеңилип мелдештерди аякташты.

Количество просмотров: 212