• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Балбан кыздар машыктыруучу Нурбек Изабековду өзгөчө куттукташты (видео)

16 Бирдин айы 2020 1:41 Бишкек Govori.TV

Кыз-келиндердин эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков 15-февралда 50 жашка толду.

Маалыматка ылайык, балбан кыздар машыктыруучусуна спортто ийгиликтүү болсун деген тилек менен мамлекеттик стипендиядан чогулткан акчасына алтын жалатылган, баасы 1000 долларлык «Apple watch» үлгүсүндөгү саат белек кылып, таттуу торт тартуулашкан.

Нурбек Изабеков 1970-жылы 15-февралда Талас районунун Жерге-Тал айылында төрөлгөн. 8 жашынан спорт менен машыгып, 1988-жылы Бүткүл союздук уландар оюнунда коло байгелүү болгон. Азия чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси, СССР спортунун эл аралык чебери, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданы 2010-жылдан бери жетектейт.

Количество просмотров: 119