• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айсулуу Тыныбекова аялдар күрөшү федерациясынын вице-президенти болуп шайланды

21 Тогуздун айы 202420:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы коомдук уюмунун кезексиз шайлоо жыйыны өттү. Бул тууралуу күрөш федерациясы маалымдады.

Жыйынга федерация мүчөлөрү, күрөш боюнча улуттук курама команданын калыстар жана машыктыруучулар тобу катышты.

Жыйын соңунда Айсулуу Тыныбекова аялдар күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти болуп шайланды. Айсулуу буга байланыштуу сөзүндө өлкөдө кыздар күрөшүн активдештирүү менен бирге өзүнүн да спорттук карьерасын калыбына келтире турганын билдирди.

Буга чейин мурдагы депутат Динара Исаева аялдар күрөшү боюнча вице-президент болчу.

Количество просмотров: 139