• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Балбан Шаршенбеков дүйнө чемпионатында күмүш байге утту

4 Жетинин айы 2019 11:39 Бишкек Govori.TV

Грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков U23 дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээледи.

Кыргызстандык балбан 60 кг чейинки салмак категориясында кармашка чыккан. Афганистандык Аскар Ализаданы, россиялык Артур Петросянды, кытайлык Лиго Цаону, украиналык Жора Абовянды жеңген. Ал эми финалдык беттеште ал армениялык Армен Меликянга 11:7 эсебинде жеңилип калды.

Кошумчалай кетсек, Жоламандан сырткары бул мелдеште кыргызстандык эркин күрөшчү балбан Улукбек Жолдошбеков алтын медаль утту. Ал эми кыздар күрөшүнөн Айпери Медет кызы коло байге тагынып кайтты.

Количество просмотров: 121