• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Балдарга апасынын атын берүү маселеси соцтармакты дүрбөттү

3 Теке 2023 10:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда балдарга апасынын атын берүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу эки жарым жылдан бери өлкөнүн мамлекеттик органдары менен соттошуп жүргөн активист Алтын Капалова билдирди.

Анын айтымында, Конституциялык соттун Соттук коллегиясынын чечиминде эки пункт бар. Биринчи пункт, ар бир бойго жеткен кыргызстандык атасынын атын эмес, апасынын атын ала алат.

Бул социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

Белгилей кетсек, Алтын Капалова үч баласына атасынын атынын ордуна өз атын бергени үчүн 2021-жылдын январдан тартып Мамлекеттик каттоо кызматы менен соттошуп келе жатат.

Количество просмотров: 158