• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Кыргызстанда балдарга апасынын атын берүүгө уруксат берилди

3 Теке 2023 9:22 Бишкек Govori.TV

Конституциялык соттун Соттук коллегиясы 16 жашка чыккан балдар үчүн матроний/матчество институтун өнүктүрүү зарылдыгын тааныды. Бул тууралуу активист Алтын Капалова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Капалова Конституциялык соттун Соттук коллегиясынын чечиминде эки пункт бар экенин айтты. Биринчи пункт, ар бир бойго жеткен кыргызстандык атасынын атын эмес, апасынын атын ала алат.

«Жакында паспорт алганы бара турган, 16 жаштагы уулум Капалов Данияр Алтыновичти куттуктайм. Мени өзгөчө Конституциялык соттун «матчество институту» деген сөздөрү кубандырды», — деди Капалова.

Количество просмотров: 2720