Кыргызстанда балдарга карата жыныстык зомбулук көрсөткөн кылмышкерлердин жазасын күчөтүү үчүн Кылмыш-жаза кодексине жана мунапыс берүү жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
“Статистиканы карасак, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш жасалса, анын 500гө жакыны, тилекке каршы, ушундай кылмыштар (293ү жыныстык эркиндикке каршы, 153ү үй-бүлө мамиле салтына жана жашы жете электердин кызыкчылыгына каршы) болгон экен. Мыйзамды өзгөртүп жаткан себебибиз – кылмышкерлер мунапыска да, кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти дегенге да кирип калат экен, психикалык жактан оорулуумун деп жоопкерчиликтен качып кете алат экен”, — дейт депутат.
Эгер мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапса, педофилдер мунапыс ала албайт, аларга кылмыштын мөөнөтү деген аныктама колдонулбайт, ооруканага жатабы-жокпу, жазасын өтөөгө милдеттүү болот.