• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жумуш учурунда 1 саатты жеке муктаждыктарга колдонуу. Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталды

29 Кулжа 2023 13:28 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат.

Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Анда жүйөлүү себептер менен жумуш убактысындагы 1 саатты жеке муктаждыктарга колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган.

«Мыйзам долбоорунда жумуш жумасындагы жеке муктаждык үчүн керектелген жумуш убактысынын сааттарын  алмаштыруу мүмкүнчүлүгү караштырылат, ошого жараша жумуш графиги белгиленет. Мындай иш тартиби кызматкердин каалоосу боюнча белгилениши мүмкүн, бирок жумуш берүүчүнүн макулдугу талап кылынат. Бул режимди киргизүү, өндүрүштүк процессти эске алуу менен кызматкердин жеке жана үй-бүлөлүк керектөөлөрү менен иш-милдеттерин айкалыштыруусуна мүмкүндүк берет. Ошондой эле, адамдарга жумуш менен жеке жашоонун тең салмактуулугун сактоого жардам берет, анткени алар үй-бүлөсү жана жеке иштери үчүн зарыл болгон убакытты эркин пландаштыра алат жана жумуш берүүчүнүн макулдугу боюнча кеткен жумуш убактысынын ордуна кайсы убакта болбосун ордун толтуруп иштеп берүүгө болот. Бул муктаждык эмнеден улам келип чыкты? Учурда кызматкер үчүн дем алыш күндөрү иштебеген калкты тейлөө мекемелерине, мамлекеттик каттоо (мындайча айтканда кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо же кайра каттоо үчүн) кызматтарына жана дарылоо мекемелерине кайрылуу, үйдөгү оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүү, күндөлүк тиричиликтеги жакшылык-жамандыктарга катышуу, чыгармачылыгын жана руханий жан дүйнөлөрүн (көрөңгөлөрүн) арттыруу боюнча китепканаларга же тийиштүү орун жайларга баруу зарылдыгы келип чыкса, ал бир топ убакытты алары баарыбызга белгилүү. Биринчиден, шаардагы тыгын (пробка), экинчиден кезек күтүү жана башка көйгөйлөр ага себеп болууда. Жогоруда келтирилген жана башка ушул сыяктуу жагдайларда кызматкер баары бир жумуш убактысында жетекчиликтен суранышы мүмкүн. Мында психологиялык ыңгайсыздык (сурануу) жана стресс (убакыт созулуп кетсе) пайда болуп, иш процессине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.  Ошондуктан, мындай жагдайларга кеткен жумуш убактысын мыйзамдуу түрдө эле башка убакытка жылдырып, график түзүү менен ордун толтуруп иштеп берүү – бир топ натыйжалуу да, сапаттуу да болушу күтүлөт. Анткени, иштерин аягына чыгарып, көңүлү жай болгон кызматкер жумушун сапаттуу жасайт деп кепилдик берүүгө болот. Албетте, бул эки тарап үчүн тең ыңгайлуу жана пайдалуу болуп эсептелет. Анткени, кызматкердин жемиштүү, натыйжалуу иштешин камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү менен бирге, жумуш берүүчү аткарылып жаткан иштерден натыйжалуу жыйынтык көрүүсү толук ыктымал»,-деп жазылат долбоордун негиздемесинде.

Депутат Маматалиев мыйзам долбоору боюнча төмөндөгүлөргө токтолду.

Количество просмотров: 277