Парламенттин 18-февралдагы жыйынында спикер Марлен Маматалиев сөз алып, президент Садыр Жапаров менен жолукканын, алдыңкы беш жылда Жогорку Кеңеште жасала турчу иштер, реформалар боюнча маалымат бергенин айтты.
Төрага өкмөттө жана президенттин администрациясында санариптештирүүнүн алкагында чечимдерди кабыл алуу тездеп, 1 млрд 205 млн сом үнөмдөлгөнүн кошумчалады.
“90 планшет алуу боюнча тапшырма берилди. Эми жума күндөрү материалдар сиздерге салынып турат. Анда төрт папка болот. Жалпы жыйындар, комитеттердин отуруму, депутаттык топтордун жыйыны жана ар кандай маселелер деген бөлүмдөр болот. Бул жакшы натыйжа берет”, — деди ал.