• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Балдары таштап кетсе да, үмүтүн үзбөгөн эне

17 Теке 2019 18:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.07.2019.Govori.TV.

68 жаштагы Роза Иманкулова 2015-жылдын ноябрь айынан бери Бишкек шаарындагы Ленин райондук карылар үйүндө баш калкалап келет. Каармандын бир көзү төрөлгөндө эле тубаса азиз болгон. Ал эми экинчи көзүн илдетке байланыштуу алдырып салууга мажбур болгон. Буга чейин 6 баланы тарбиялап өстүргөн эне аларга ашыкча жүк болбош үчүн, бул жайга өз калоосу менен келген.

Бала кезинде бардар турмуш кечирген  Роза апа жети бир туугандын төртүнчүсү. Бирок, учурда алар менен  катташпайт. Кыз-уулдары чет жерден келсе, алардын колуна барам деген каарман кээде бул тагдырга, таарынып ыйлап алат.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жарык дүйнөгө келген каарман эгерде жолдошунун көзү тирүү болгондо мынчалык кор болбостугун кошумчалады.

Ал эми аталган карылар үйүнүн директору Айчүрөк Алышова бүгүнкү күндө эки кабат үйү бар туугандарынын үйүнө батпаган карылар да бар экенин айтты. Жана ошондой эле убагында батырбай кууп чыккан карылардын жакындары алардын пенсиясын уялбай эле алып кетишээрин билдирди.

Эки көзү көрбөсө дагы сезүү туюму күчтүү Роза апа адамдарды дароо үнүнөн таанып, баардык нерсени өзү жасоого аракет кылат. Ал тургай кээде маанай жакшы болсо, иш-чараларда ырдап-бийлейт. Бүгүн бизге дагы созолонто ырдап берди.

Статистика боюнча бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1952 адам карылар үйүндө жашайт. Муну менен коомдо карыган адамдын кадыры жоголуп, бараткандыгы байкалат. Баласынын келечекте жакшы адам болуусун каалап, муздакта жылуулук, ысыкта көлөкө болуп берген ар бир ата-эне карыган маалында төрдө өз баласынын колунан чай ичип олтурбастан, карылар үйүндө күн кечирип каларын биле бербесе керек.

Количество просмотров: 26