Токтогулда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 23-октябрда Кара-Көл ШИИБине 1987-жылы туулган тургуну Ж.Б арыз менен кайрылган.
Арыз ээсинин айтымында, 19-октябрь күнү саат 17:00 чамасында жолдошу 1976-жылы туулган Ж.Д өзүнүн Айбек жана Серега аттуу тааныштары менен бирге Токтогул районундагы 8-Кашар жайлоосуна кеткен бойдон дайынсыз кеткен.
Маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
«23-октябрда дайынсыз болуп жаткан Ж.Д.аттуу жарандын жансыз денеси Токтогул районунун Кара-Суу дарыясынын жээгиндеги дарактын бутактарына илинип калган абалда табылган. Адам өлтүрүү беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишине шектүү катары 1962-жылы туулган Кара-Көл шаарынын тургуну мурда соттолгон Г.С. аттуу жаран кармалып, Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иш аракеттеринин жүрүшүндө 1962-жылы туулгун Г.С. аттуу жаран өзүнүн жасаган кылмышын мойнуна алып, Д.Ж. экөө өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетип, аны балта менен башына чаап өлтүрүп алып, сууга ыргытып жиберген жана окуя болгон жерден изин жашырып кеткендиги маалым болгон»,- деп айтылат маалыматта.
Шектүү эки айга камакка алынган.
Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.