• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК: Жалал-Абадда жалган маалымат тараткан жаран аныкталды

6 Жалган куран 202616:57 Бишкек Govori.TV

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде Жалал-Абад облусундагы жаңы эл аралык аэропорттун курулушу токтогондугу тууралуу чындыкка дал келбеген видео материал тараган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын алкагында видеонун автору аныкталды. Ал Сузак районунун 1994-жылы туулган тургуну М.у.Ш. болуп чыкты.

Профилактикалык маектешүү учурунда жаран видеону өзү тартып, таратканын моюнга алды. Ал кылган ишине өкүнүчүн билдирип, видеону эч кандай жаман ниетсиз, билбестиктен жарыялаганын түшүндүрдү. Аны менен тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Количество просмотров: 167