• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балыкчы — Бишкек поездин белгисиз адамдар кайрадан таш бараңга алышты

26 Теке 202520:21 Бишкек Govori.TV

Балыкчы — Бишкек поездин белгисиз бирөөлөр кайрадан таш бараңга алышты. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.

25-июлда болжол менен саат 21.47де жүргүнчүлөрдү ташыган поезд бара жатканда белгисиз бирөөлөр вагондордун терезелерин таш менен ура башташкан.

Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, милиция Балыкчы — Бишкек каттамы боюнча бара жаткан поездди таш бараңга алган белгисиз адамдардын хулигандык аракеттери боюнча текшерүү баштады.

Окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынат», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул вандализмдин биринчи учуру эмес. Апрель айында белгисиз адамдар Балыкчыдан Европа өлкөлөрүнөн келген туристтер менен бара жаткан туристтик поезддин вагондорун таш бараңга алышкан.

Количество просмотров: 447