Учурда «Балыкчы-Кочкор» темир жолун курууга даярдык иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы билдирет.
Атап айтканда, маршруттун баштапкы тилкесинде төмөнкүдөй жумуштар аткарылууда:
Жакынкы арада «Балыкчы-Кочкор» темир жолунун курулушунун расмий ачылыш аземи күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана ЖЭБди көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече көмүр кенин иштетүүдө көмүрдү ташуу үчүн эң арзан жолду түзүүгө байланыштуу чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ.
Учурда «Кыргыз темир жолу» УК» МИ тарабынан «Балыкчы — Кочкор -Кара-Кече» (186 км) темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Биринчи этап узундугу 63 чакырымды түзгөн «Балыкчы-Кочкор» темир жолунун курулушун камтыйт.