• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу кайсы этапта?

8 Чын куран 202513:07 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Кочкор районунда Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулуш иштери уланууда, учурда 40-чакырымда бургулоо жана жардыруу иштери жүрүп жатат.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришкендей, Балыкчы – Кочкор темир жол линиясы өлкөнүн ички темир жол тармагын өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ. Келечекте бул каттам Макмал станциясы аркылуу Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолуна кошулуп, өлкөнүн ичинде бирдиктүү темир жол тармагын түзүүгө жол ачат.

Бул ири инфраструктуралык долбоор Кыргызстандын экономикалык жана транспорттук мүмкүнчүлүгүн гана кеңейтпестен, аймактарды өнүктүрүүнү шарттайт.

Количество просмотров: 221