• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балыкчы — Жалал-Абад альтернативдик жолуна кар көчкү түштү

28 Тогуздун айы 202414:49 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун болжол менен 346-348-чакырымдарында кар көчкү түшкөндүгү жана туннелдин ичинде болжол менен 10 унаа туруп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Тогуз-Торо райондук №46 ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер тартылган. Тазалоо иштерине “Чайна-Роуд” ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.

Количество просмотров: 177