• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Балыкчыда айдоочулар өзүлөрү арзандатылган көмүр сата баштады

19 Жетинин айы 2021 12:34 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл районунда көмүрдү 3600 сомдон сатып жатканын айткан айдоочунун башкаларды да элге жардам үчүн бир каттам болсо дагы ушундай баада сатууга чакырган видеосу Интернетке жарыяланды. Анда өзүн балыкчылык айдоочу Азык Назаралиев деп тааныштырган адам бүгүн 18-ноябрда Кара-Кече көмүр кенинен Балыкчыга 10 машина жөнөп кеткенин, башка аймактарда да көмүрдү 3000 сомдун тегерегиндеги баага сатууну пландап жатышканын айтууда:

“Тору-Айгыр айылына алып келип, президенттин айтканын аткарып, бир тоннасына 3600 сомдон таратып жатабыз элге жардам болсун деп шоопурлардын атынан. Муну кылып жаткан себебим – айдоочулар да ушундай арзан баада бирден рейс таратсын. Ушинтип элге жардам бербесек болбойт эми”.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы айдоочулар ушундай демилге көтөрүп жатканын тастыктап, буга чейин алар көмүрдү 5000-7000 сомго сатып келишкенин, арзандатып сатуу алардын өз демилгеси экенин билдирди.

Суук түшкөнү көмүр Бишкекте 6000-7000 сомдон, республиканын түштүк аймагында 8000-10000 сомдон сатыла баштаган.

15-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкекте көмүр 3000 сомдон сатыларын билдирген.

Количество просмотров: 70