• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балыкчыда катуу шамал көп кабаттуу үйдүн темирлерин учуруп кетти

27 Бугу 202413:01 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаарында катуу шамал көп кабаттуу үйдүн жылуулаткыч темирлерин учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

26-май күнү Балыкчы шаарында ылдамдыгы 24-28метр секундасына чейин жеткен шамалдын кесепетинен Соң-Көл көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин сырткы калайын учуруп кеткен. Жерине Балыкчы шаардык N19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн ыкчам топ тартылып тактоо иштерин жүргүзүп, учурган калайды коопсуз жайга жылдырып беришкен.

Ошондой эле катуу шамалдан Жети-Ɵгүз районунун Жети-Ɵгүз айылындагы Д.Иманов атындагы орто мектебинин спорт залынын чатыры толугу менен ордунан 1 метр аралыка жылып кеткен.Жерине тактоо иштерине Жети-Өгүз райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Жабыркагандар жок

Количество просмотров: 149