Бишкекте катуу шамалдын кесепетинен кыздын үстүнө дарак кулады. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.
Маалыматка ылайык, күн мурун, 10-июнда кечки саат ондор чамасында Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишинен Ж.А. аттуу 23 жаштагы кыз жаракат алган.
Кыз Улуттук госпиталга түшкөн. Ага бир кабыргасы сынган. Абалы канааттандырарлык, амбулатордук дарыланууга жиберилди.