Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаары жана Чүй өрөөнү үчүн шашылыш штормдук эскертүү таратты.
Мекеменин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде аймакта күн күркүрөп, батыштан соккон катуу шамал күтүлөт.
Шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
ӨКМ тургундарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды:
— бак-дарактардын жанында турбоо;
— жарнамалык такталардан жана бекем орнотулбаган конструкциялардан алыс болуу;
— мүмкүн болушунча аба ырайы бузулган учурда үйдө калуу.
Куткаруучулар ошондой эле айдоочуларга жолдо өзгөчө этият болууну эскертишти. Анткени катуу шамал жана көрүнүштүн начарлашы жол кырсыктарынын коркунучун күчөтүшү мүмкүн.