Бул тууралуу Салык кызматынын Балыкчы шаары боюнча башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Салык кызматынын кызматкерлери жол кайгуул бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте транспорт каражаттарына рейд жүргүзүп, салык төлөбөгөндөрдү аныкташты.
Рейддин жыйынтыгында 629 автоунаа текшерүүдөн өткөрүлүп, анын ичинен салык төлөбөгөн 86 унаа ээсине 1000 сомдон айып салынды.
Мындан сырткары салык кызматкерлери салык төлөөнүн жөнөкөй жолдорун түшүндүрүштү.
Рейддер 1-сентябрдан 31-декабрга чейин шаардын борбордук көчөлөрүндө жана автоунаа көп токтогон жерлерде (базарлардын жанында, автобекетте) жүргүзүлөт.
Маалымдай кетсек, Салык кодексине ылайык 1-сентябрга чейин транспорт салыктарын төлөбөгөндөргө КР Бузуулар кодексине ылайык, жеке адамдарга 1000 сом жана юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып салынууда.